www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Баткен районунун Ууч жерлигинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев инженердик иштерди баштоого старт берди.

Курулуш иштерин жүргүзүүгө Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары катышат.

Курулушка керектүү жабдуулар жана техникалар толук даяр.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда.

Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат. Мындан сырткары Ош облусунда 70чакырым пландалган.2025-2026-жылдары жалпы 420 чакырым кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо мерчемделген.

Последние новости