www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кызматынан бошотулду. Бирок анын кызматтан кетиши коомчулукта чоң талкуу жаратпады. Себеби кыска убакыттагы мэрлик мезгили шаар тургундарынын эсинде кала турган олуттуу өзгөрүүлөр менен коштолгон жок.
Маткаликов мэр болуп дайындалганда шаарды өнүктүрүү, инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү жана инвестиция тартуу боюнча чоң күтүүлөр болгон. Бирок анын ишмердүүлүгү учурунда шаардык деңгээлде кеңири талкууланган же эл тарабынан өзгөчө бааланган долбоорлор көзгө урунбады.
Болгон элдин эсинде калганы жоругу, кызматка көчүк баса элек жатып, этектей маек берип, Манас шаарын Афганстан менен салыштырып курулай пиар менен алек болду. Болду, ошону менен ыры бүттү. Бары-жогу билинген жок. Келди да кетти.