www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Барскоон — Бедел» унаа жолунун курулушу бекитилген графикке ылайык уланууда.
Учурда долбоордун бардык 161 чакырымдык тилкесинде геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктап, тиешелүү долбоордук документтер даярдалды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы тапта «Сөөк» жана «Ашуу-Суу» тоннелдеринде казуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле көпүрөлөрдүн конструкцияларын куруу үчүн свай кагуу жумуштары аткарылууда.
Курулуштун алкагында Карасай дарыясы аркылуу узундугу 60 метр болгон убактылуу көпүрө салынып, пайдаланууга берилди. Бул объект курулуш иштерин жүргүзүүгө жана жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетүүгө шарт түздү.
Долбоор боюнча жалпы жол куруу менен катар 50дөн ашык көпүрө, эки тоннель жана башка коргоочу инженердик инфраструктуралык объекттерди куруу каралган.
Учурда курулуш аянтчасында 1 100дөн ашык жумушчу эмгектенип жатат. Жакынкы мезгилде алардын санын 1 500–2 500 адамга чейин көбөйтүү пландалууда.
Мындан тышкары негизги курулуш техникалары жеткирилип, кошумча жабдууларды алып келүү уланууда. Бетон заводдору, майдалоо комплекстери жана убактылуу өндүрүштүк базалар да ишке киргизилди.
Министрликтин маалыматына ылайык, негизги курулуш иштерин 2029-жылы аяктап, жолду 2030-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.