www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен Балыкчы – Корумду – Чолпон-Ата автоунаа жолунун 95-чакырымында өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан улам тоо боорунда көчкү жүрүп, чоң көлөмдөгү таш-топурак массасы суу агымы менен кошо түшкөн. Натыйжада сел күчөп, жол тилкесинде өзгөчө кырдаал жаралган.
Аталган аймакта узундугу 18 метр болгон көпүрө жайгашкан. Министрлик белгилегендей, буга чейин бул жерде мындай көлөмдөгү сел агымдары катталган эмес.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, алгач 3 погрузчик, 2 автогрейдер жана 3 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылган. Кийинчерээк жергиликтүү бийликтин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча техникалары жумушка тартылды.
Учурда кырсык болгон жерде 6 экскаватор, 2 погрузчик жана 10 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кырсыктын себептерин тактоо жана келтирилген зыянды баалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алып, жолду калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүүдө.