www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Жамиля Исаеванын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине жана «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеси колдоо тапты. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, чыңдала элек психикасынын айынан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Демилгечи депутат балдардын ден соолугуна зыян келтирген маалыматтарды (зомбулук, катаал мамиле, маңзат, тамеки, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү) тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салууну сунуштаган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

Последние новости