www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө аялына көп жылдан бери зордук-зомбулук көрсөтүп келген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 25-ноябрында Ак-Суу РИИБге Ак-Суу районунун тургуну, 1992-жылы туулган И.А. арыз менен кайрылган. Арызда И.А. жолдошу, Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын тургуну, 1987-жылы туулган И.Э. тарабынан көп убакыттан бери зордук-зомбулука кабылып келгени жөнүндө билдирген.
Текшерүү учурунда арыз ээси И.А. көрсөтмөсүндө 2010-жылы И.Э. менен турмуш куруп, төрт баласы бар экенин билдирген. Жолдошу менен жашап жүргөн мезгилде көп жолу эч себепсиз уруп-сабап, ыплас сөздөр менен кордогонун айткан. Атап айтканда, 2025-жылдын 3-март күнү И.Э. кол көтөрүп сабагандан кийин И.А. Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Ал ошол учурда жаш балдарын ойлоп, жыгылып кеткем деп себепти жашырып көрсөткөнүн билдирген. Ооруканадан кийин дагы үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, мойнунан муунткан.
Ошондой эле, 2025-жылдын август айында И.А. ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Андан тышкары, 2025-жылдын 20-ноябрында Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылганын, бирок И.Э. орой мамилесин токтотпой, уюлдук байланыш аркылуу коркутуп, ыплас сөздөр менен сөгүп, видео тасмаларды жөнөтүү менен И.Анын абройуна шек келтирип жатканын билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө И.Ага карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алган жаракаты “анча оор эмес дене жаракаты” деп аныкталган.
Жогорудагы фактылар боюнча, 2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
Бүгүн, 6-декабрда И.Э. шектүү катары жактоочусунун катышуусунда сурака алынып , Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык камакка алынды.