www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Өткөн шайлоодон кийин “Форма-2” тартиби жокко чыгарылды. Жүз миңдеген шайлоочунун добушу үчүн башкача тартип киргизсек болмок. Бул шайлоочулардын укугу тууралуу сунушту сиз көтөрүп чыгыпсыз?
- Азыркы учурда болуп жаткан окуяларга өз пикиримди билдирүү менин парзым деп эсептейм. Президентибиздин “өлкөбүздө таза шайлоо өткөрөлү” деген пикирине карата өлкө президентине, БШКга жана кыргыз элиме кайрылам.
Былтыркы шайлоодо болгон мыйзамсыздыктардын натыйжасында “Форма-2” жокко чыгарылган. Анын себеби эмне экенин баарыбыз жакшы билебиз. Былтыркы акчалуу партиялар тийешеси жок адамдарды да машиналап ташып жүрүп, мыйзамдын бузулушуна алып келишти.
Революцияга жеткиришти. Бирок ошол адамдар жазасын албай, кайрадан шайлоого бара жатышат. Мен сунуш кылат элем, азыркы күндө 200 миңден ашык студенттер, жүз миңден ашык ички миграцияда, чет өлкөдө жүргөн адамдарыбыз шайлоо укугунан ажырап, катыша албай жатышат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында өлкөнүн 18 жашка толгон ар бир адамынын шайлоого жана шайланууга укугу бар. Демек, шайлоого катыша албаса, укуктары бузулат. Азыр шайлоо участкасына байлап коё турган эски заман өттү.
Санариптештирүү киргизилип, баары биометрикадан өтүп туруп, эмнеге кайра эле баягы эски замандай өзү туулган жериндеги шайлоо участкасына барышы керек? Ким кайсы шайлоо участкасына жакын болсо, паспортун алып барып эле шайлоого катышууга укуктуу.
Мына ушул кыргыздын шайлоого болгон укугун камсыздоону президентибизден суранат элем. Борбордук шайлоо комиссиясына жана парламентте отурган депутаттарга да кайрылат элем, чукул шайлоо комиссиясын чакырып, элдин бул укугун камсыздап бериши зарыл.
Эгер андай болбосо, өз укугубуз үчүн биз сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан “кайсы партияга добуш берет?” дебестен, Кыргызстандын ар бир жараны өз эркин билдирүүгө шарт түзүп, шайлоо укугу менен камсыз кылууңуздарды сурайм.
Булак: NazarNews.kg