www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-кылымдын 90-жылдарынын  башында адамзаттын тарыхындагы эң бир кубаттуу империя – Советтик Социалисттик Республикалар Союзу горбачевдик “кайра куруудан” кийин капысынан урады. Көптөгөн союздук республикалардагы компартиянын биринчи катчылары административдик жана партиялык ресурстарын пайдалануу менен саясий “ребрединг” жасап, көз карандысыз өлкөлөрдүн президенттерине айланышты.

Биз, Кыргызстандын жаш коммунисттери Абсамат Масалиев башка союздук республикалардын биринчи катчылары сыяктуу эле эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти болооруна ишенгенбиз. Бирок Абсамат Масалиев бирдиктүү мамлекетте (СССР) бир президент болушу керектигин расмий жарыялады жана өзүн өлкөнүн Президентине айланта турган шайлоо үчүн партиялык машинаны ишке киргизүүдөн баш тартты. Аны менен Союздун тарашы бир тууган элге көптөгөн кыйынчылыкты алып келээрин так туюндургансыды, бирок болочоктогу олигархтардын кубанычына жаралган “кайра куруу”  калктын 99 пайызынын бакыбат турмушун камсыздаган социалисттик түзүмдү толугу менен уратып жүрүп отурду. Либералдык-демократиялык жомокторго муюган эл заводдорду, фабрикаларды, бала бакчаларды, жаратылыш байлыктарын, бекер билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону  жоготуп жатышканын түшүнө беришпеди. 

90-жылдарда Аламүдүн ИИБиндеги тааныш офицерге барганымда мени менен түшкү тамактанууга баруудан сылык гана баш тартты. Анысын Кыргыз Республикасынын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысынын уулу Исхак Масалиев деле (ошол убакта Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыш ишин тергөөнүн катардагы офицери болуп иштечү) иш бөлмөсүндө нанүштө кылып, райондогу кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн  калдыраган “Уазикте” күнү-түнү көчө кыдыраарын айтып түшүндүрдү. Абсамат Масалиев өзүнө, жакындарына гана эмес өлкөнүн бардык партиялык жана советтик кызматкерлерине талапты катуу койчу. А. Масалиевдин бийик саясий маданияты өз пайдасына үгүт жүргүзүүгө жол бербеди, бул өлкө Президенттигине  башка талапкерлерди жылдырган бир катар “жарма-демократтардын” колун байлоодон чечкендей болду. Менин көз карашымда КМШ өлкөлөрүндө бийликти тынчтык жолу менен маданияттуу өткөрүп берүүнүн алгачкы үлгүсүн өлкө башкаруусун мыйзам алкагында өткөрүп берип, Жогорку Кеңештин катардагы депутаты катары калган А. Масалиев көрсөттү. 

2000-жылдардын башында Кыргыз Республикасына Молдованын Президенти Владимир Николаевич Воронин расмий иш сапары менен келди. Мен парламенттин эл аралык бөлүмүнүн башчысы катары Молдова Президентинин Жогорку Кеңешке болгон сапарын уюштурдум. Иш сапардын программасына ылайык Президент, Премьер-Министр, Спикер менен протоколдук жолугушуудан кийин ал Жогорку Кеңештин депутаттарына кездешти. Молдова Президенти сөз сүйлөп бүтүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда трибунадан түштү да залда отурган депутат Абсамат Масалиевге түз басып барып, бек кучактап, учурашты. Масалиев аны иш бөлмөсүнө чакырды. Протоколдо мындай бурулуш каралбаса да кайтаруучулар менен коштоочулар Президентти ээрчип Жогорку Кеңештин үчүнчү кабатындагы Масалиевдин иш бөлмөсүнө жөнөштү. Иш бөлмөгө кирген Воронин терезеден В.И. Лениндин эстелиги көрүнүп тураарын байкап, А. Масалиевге эстеликти шаардын борборунан жылдырбай сактап калгандары үчүн ыраазычылык билдирди. Андан кийинки  бир саатты алар КПСС БКнын аппаратындагы чогуу иштешкен мезгилди жылуу эскеришип, КМШ өнүгүүсүнүн маселелерин талкуулашып өткөрүштү. Акырында Воронин Масалиевди Молдовага чакырды, кетээринде  мындай деди:

“Анда, Абсамат, кел большевиктерче коштошолу”. Бул дагы күтүлбөстүк болду. Абсамат Масалиев мага суроолуу тигилип, тамашалап айтты: “Владимир, кымбаттуум, Кыргызстан Молдова эмес, бизде бардык иш бөлмөлөрдөн эле мыкты молдова винолору табыла бербейт. Мен көп жылдан бери спирттик ичимдиктерди ичпей калгам, ошондуктан эгер Бакыт комсомолдук табышкерлик кыла алса мен Молдованын Президенти үчүн режимимди азыраак бузуп койгонго даярмын”. Дагы жакшы мен коңшу депутаттык иш бөлмөдө турган белекке келген коньякты убагында эстей калдым. Абсамат Масалиевдин иш бөлмөсүндө рюмкалар да жок болчу, коньякты кадимки чай ичүүчү пиалаларга куйганга туура келди. Улуттар аралык урагыс достук тууралуу тостту Владимир Воронин кыска-нуска айтты, коньяктан ичип, карамелден “закуска” кылдык. Абсамат Масалиев Молдованын Президенти менен иш убагында жүздөшүп алгандыктан эми үйүнө кетпесе болбой калганын  айтып кейиди эле, Воронин ага жооп кылып кыргыз коньягы абдан сапаттуу экенин, андан жүз грамм ичип алган адам эки эсе натыйжалуу эмгектенерин белгилеп койду. А бизге Воронин А.Масалиев КПСС БКнын аппаратында өзүнүн принципиалдуулугу жана коммунисттик идеяга берилгендиги менен дайыма айырмаланып турганын, андыктан бул кишинин кеңешине көбүрөөк кулак төшөшүбүз керектигин айтты. 

Менин эсимде А.Масалиевдин мамлекеттик курулуштагы пирнципиалдуу маселелер, мисалы “Кумтөр” келишими боюнча  ачык, так, жалындуу билдирүүлөрү калды. Ошондо эле ал алтын кенин иштетүү боюнча келишим Кыргызстанга пайдасыз экенин айткан, НАТОнун куралдуу күчтөрүн өлкөгө киргизүүгө болбой турганын да эскерткен, бул кыргыз-россия мамилесиндеги чыңалууну пайда кылаарын жана сырткы саясатта Россия менен чогуу болуубуз керектигин белгилеген. 

Эл кызыкчылыгына кызмат кылуудагы апологет – ал ПЕСАК программасынын жыйынтыгында бардык завод, фабрикалар жабылаарын, жумушсуздук күч алаарын, айыл чарба тармагы кыйынчылыкка дуушар болоорун, кылмыштуулук өсөөрүн эскерткен, ал үчүн санааркаган, кайгырган, болтурбоо үчүн талап кылган, күрөшкөн, булардын баары бүгүнкү күндө да актуалдуу жана чечилбеген бойдон калды. Ошол убакта да, азыр да баары эле демократия эмне экенин жана аны кантип куруу керектигин толук кандуу түшүнө бербеди. Менин көз карашымда А.Масалиевдин аң-сезимдүү консерватизми, адамзатты сыйлап билүүсү жана бийик жоопкерчиликтүүлүгү Кыргызстанда социалдык акыйкаттуулуктун философиясы жана идеясы, жогорку моралдык жана руханий тазалык сакталып калуусуна шарт түздү. Мүнөзү жумшак, бирок эрки күчтүү А.Масалиев бүгүн саясий маданияттын жана аристократизмдин эталонуна айланды. Кайнаган парламенттеги ишмердүүлүгү учурунда Абсамат Масалиев бир да жолу тилинен жаңылган жок, оройлук кылбады, аны менен   парламенттик этиканын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн бийик үлгүсүнө айланды. 

Абсамат Масалиев эл эсинде жөнөкөй, принципиалдуу, социалдык теңдүүлүк идеясына берилген, акыйкатты туу туткан инсан  жана мамлекеттин адептүү жетекчиси катары калды.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости