www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-июнда жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Ак-Талаа районундагы Баетов–Макмал унаа жолунун 14–15-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол убактылуу жабылды.
Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары иш алып барууда.
Адистер сел сууларын буруу жана жолду коопсуз абалга келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Тиешелүү кызматтар абал көзөмөлдө экенин билдиришип, жолду мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ачуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдашты.
Айдоочуларга этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо сунушталды. Жолдун абалы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.