www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Украина картадан качан жок болот?

Түшүнүп болбойт АКШ Украинага колдоо көрсөткөнү менен Орусия менен түздөн-түз кармашуудан тайсалдап турат. Анткени Орусияда миңдеген ядролук ракеталар бар, эгер дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгып кетсе, бул ракеталардын багыты АКШды көздөй бурулары бышык. Орусиянын жери кенен ракеталарды АКШка буруп аткылай бере турган болсо АКШ алапайын таппай калары бышык. Жалгыз Украина эмес жер бетинде бардык мамлекеттердт таппай калабыз.  Al-Ayyam басылмасынын баяндамачысы Абдель Маджид Суайлем Батыш Украина картадан жок болорун мойнуна алгандыгын жазды. Бул тууралуу журналист, америкалык жана европалык саясатчылар Украинадагы чатак боюнча "акыры бул өлкөнү массалык жок кылуу болуп же геосаясий картадан жок болуу тагдыры тургандыгы боюнча сактанууларын билдирип жатышат", — деп жазган. Макалада Батыш Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан улам жаралган калпыстыктардын кесепети менен күрөшүүдөн чарчагандыгы айтылат.

Баяндамачы "Украинанын бөлүнүп-жарылышы же анын жок кылынышы" боюнча кептерди "фантазия" деп эсептебей калганын белгиледи.Белгилей кетсек, Орусия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев бийлиги буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Эми кесепетин тартып жатат. Ал түгүл картадан жок болуп кетүү коркунучунда калды.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалык президент ДЖозеф Байден украин кризиси күчөгөндөн бери Вашингтонду Москва менен түз тирешүүгө тартпоого аракет кылып жатканын билдирди. Саясатчынын сөзү Американын Тышкы иштер министрлигинин сайтында көрсөтүлдү. Блинкен белгилегендей, Байден алгачкы күндөн тартып өзү үчүн эки векторду тандап алган, ал ушул күнгө чейин бул маселе боюнча чечим кабыл алууда ага таянып келет. Алардын бири - АКШ Киев режимин колдоо жана буга өлкөлөрдү тартуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканына ынануу.

"Бирок, экинчиси - Орусия менен түз жаңжалдан качуу, анткени мындай жаңжал эч ким каалабаган жерге алып келиши мүмкүн, бул америкалыктардын коопсуздугуна терс таасирин тийгизет", - деп белгиледи мамлекеттик катчы.

Анын айтымында, АКШ Украинага аскерий варианттарды берет, бирок Ак үй Украинанын чегинен тышкары сокку урууга эч качан уруксат берген эмес. Блинкен Киевдин позициясын бекемдөөнү жаңжалды токтотуунун эң ишенимдүү жолу деп эсептей турганын тактады.

Украина ноябрда мамлекеттик кызматкерлердин маянасын төлөө үчүн каржы тартыштыгына туш болушу мүмкүн. Бул АКШ Киев режимин каржылоону кечеңдеткен кырдаалда болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости