www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжып баратканыбы, же дагы бир мандеми барбы, АКШ президенти Жо карыя: «Менин үйгө баргым келген жок, бакка ойноп чыккым келип жатат» деп айтканы, бир чети элдин күлкүсүн келтирсе, бир чети ушундай президент башкарган АКШка боор ооруйт. АКШда жакында Украинанын президентти Владимир Зеленский президент Жо Байден менен жолугушканда Вашингтон убада кылган 325 млн долларлык жаңы аскердик жардамдын алгачкы партиясы Киевге жеткирилди.

Америкалык "Абрамс" танктарынын биринчи партиясы Киевге келгенин Украинанын президенти Владимир Зеленский тастыктады. Канча танк келгени айтыла элек. Жалпысынан, Пентагон Украинага бул үлгүдөгү 31 танк, башкача айтканда, бир батальонду берери кабарланган. АКШнын акыркы аскердик жардам пакеттеринде "Абрамс" үчүн ок-дарылар да бар.

Бирок Орусия бүгүнкү күндө Украинанын асманын, Азов жана Кара деңизге чыккан аймактарын толугу менен көзөмөлдөп жатат. Орусиянын абадан коргонуусунун натыйжалуулугунан улам Украина жердеги бутага абадан сокку ура албайт. Буга байланыштуу жөө аскерлердин жана бронетехниканын илгерилешине колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок. Демек, асманда аскердик күч, колдоо болбосо, Америка берип жаткан  "Абрамс" танктарынын потенциалын толук колдонуу мүмкүн эмес. 

Мындан улам, аскер эксперттери Америка берип жаткан кымбат баалуу танктар бул жөн гана чыгым, металлолом болчу ысырапкорчулук деп баалашууда.

Германиянын ТИМ башчысы Анналена Бербок CNN телеканалына берген маегинде Берлин Киевге эски же жарактан дээрлик чыгып калган техника жөнөткөнүн мойнуна алган: "Убада берип эле койгон көмөктөшүү дегендик эмес, андан кийин же аны жөнөтө албайсың, же иштебеген нерсени бересиң. Биздин жардамдын ичинде өтө эски үлгүдөгүлөр болгон, муну башында эле билгенбиз жана айтканбыз", — деген ал.

Бербок куралды ок-дары менен бирге берүү зарылдыгын белгилеп, анын кечиктирилишин кошумча макулдашуунун керектиги менен түшүндүргөн. Анын айтымына караганда, Украинага жөнөтүлгөн немецтик бир катар куралдар менен ага туура келчү снаряддар кошо жиберилбегендиктен иштебей калышы мүмкүн.

Министр Берлин Киевге алыскы аралыкка учуучу Taurus ракетасынын берилишин так кесе айта албастыгын, аны ким башкарарын жана башка майда-чүйдөсүн тактоо да "убакытты аларын" кошумчалаган. Майдын аягында ал кезде Украинанын коргоо министри болуп турган Алексей Резников Германияны 500 чакырымга чейин учуучу Taurus канаттуу ракеталарын берүүгө чакырган. Аткаминердин айтымында, эгерде бундесвер андай куралды бере албаса, анда Украинага "дал азыр" зарыл болуп жаткан куралды немец өкмөтү жасап, чыгара башташы керек.

Сентябрда Бербок Германия Киевге бул ракеталарды бербестигин, Украина Куралдуу күчтөрүн Орусиянын түпкүрүн көздөй аткылашынан саксактаганын белгилеген. Украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба аны кекээрлеп, "баары бир бересиңер" деп жооп кылган. "Убакыт өтүп жатканын, эмнеге кармап жатканын түшүнбөстүгүн" да кошумчалаган.

Taurus ракетасын Киев бийлигине берүү маселесинде кызыл чеке талашты анын 500 чакырымга чейин уча турган мүмкүнчүлүгү жараткан эле. Берлин азыркыга чейин мындай мүнөздөмөдөн улам принципиалдуу түрдө Украинанын Куралдуу күчтөрүнө бербей келет. Немец эксперттик чөйрөсүндө ракетаны Россиянын аймагына чабуул койбогудай кылып программалап койсо болобу деген суроо талкууланган. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, дал ушул маселе канцлер Олаф Шольцту да кызыктырат. Учурда аскердик өнөр жай өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости