www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин округунан шайланган депутат Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңеште ант берип, кызматка расмий киришти. Ал "Элдик" депутаттар тобуна мүчө болуп катталганы да белгилүү болду. Аталган округда кайра шайлоо 10-сентябрда өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп — 5 273 добуш алган Самаков утуп чыккан.

Белгилей кетсек, Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.

Буга байланыштуу 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Ленин округунда талапкелердин саны отуздан эбак ооп кеткен. Бул жерде бычакка сап болор депутаттыкка талапкерлер да бар эле. Алсак К.Самаков, Т. Мамытов, Э.Булекбаев, Л.Саралаева, А. Субанов жана башкалар. Булекбаевби казак элинин кыргыз арасындагы тың чыкмасы. АШАнын кайра тартпас эң жакын адамы. Ошондуктан Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда АША менен бирге бийликке каршы чыккан. АША премьерден кетип, Бишкекке мэр болом деп жулунуп 2009-жылы чет мамлекетте жүргөн Бакиевке барып бата сурап келет.Бирок бияктагы Максим Бакиев сыяктуу билермандар «кол бала» Нариман Түлеевди мэр кылып коюшат. Ушуга таарынган АША бийликке каршы чыгат. 2009 жылы жаңы түзүлгөн БЭКтин Саясий бюросунун мүчөсү Э.Булекбаев Москва районундагы Петровка айылындагы кайгылуу окуядан соң, күйүп бараткан отко май чачып, Ошко кете турган жолду бууп, өз жазасын СИЗОдо өтөп келген. 2010-жылы апрелде бийлик алмашып, Убактылуу өкмөт бийликке келер менен финполициянын жетекчиси болуп чалчаңдап калган. Учурда «Жашылдар партиясы» менен казактардын «Алашын» жетектеп жүрөт.

Башкарма (раис) -деген бир чарбанын бардык жүгүн мойнуна алган өтө түйшүктүү кызмат болгон. Башкарма чарбага гана жооп бербестен, ошол чарбанын элинин ачка, тогуна чейин көз салган. Ачка болсо кошо ачка болуп, ток болсо кошо сүйүнүп турган. Азыркы заманда башкармалар жок эл өз жүнүн өзү жеп калышты. Эл ачка калса ким жооп берет? Нарын тарапта Самаков Садык деген жыйырма жашында эле башкарма болуптур. Ошол мезгилде эле толук элдин жоопкерчилигин мойнуна алып, элдин камы үчүн жанталашып иштеп калган. Ал трайбализмге такап жетигендер үчүн гана чуркабастан бардык кыргыздарды тегиз ойлогон. Самаков Садык колхозду жетектеген жылдары болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Колхоздун экономикасы облуста алдыңкы орунда болуп, өндүрүштүн рентабелдүүлүгү 45-50 пайыздан кемиген эмес. Элдин айлыгы, кошумча төлөмдөр, колхоздон берилген эмгек күнгө сыйлыктар ошол мезгилдеги Нарындын шартында  жакшы көрсөткүчтө болгон.

Колхоздун аймагында биринчи Ильич шамдары тутанып, буга чейин салынбаган кой сарайлар курулуп, элдин жашоосу оңолгон. Самаков Садык айылдагы элдин ошол кезде эле маданий, билим деңгээлин жогорулатууну көздөгөн. Ошондуктан айылдын мыкты балдарын Нарын, Фрунзеден колхоздун эсебинен биринчи ирет окута баштаган. Анын жемишин кийин эл көрдү, Карганбек Самаковго окшогон кыргыз баалуулуктар мурасын ЮНЕСКОго кийирген  мамлекеттик адамдар чыкты. Колхоздун малы алыскы Ак-Сай, Соң-Көл жайлооолоруна чейин багылып, ошол кезде кышкы жайыттарды эң натыйжалуу пайдаланган. Кыргызстандын коомдук иштерине, жана айыл чарба өндүрүшүнө көп жылдар боюу кошкон талбас, ак ниет жана жемиштүү иштери үчүн өкмөт менен партиядан көптөгөн сыйга татыктуу болгон.

Согуш убагында ары болду, бери болду, кийин Хрущев бийликти экиге бөлүп, айыл чарба жана өнөр жай району дегенге келген. Ушул мезгилде иштеген кийин Нарын облусунун ГАИсин жетектеген Мамбеталиев Мамбетказы анын көп жакшы жагын айтып калат. 1963-жылы уулду болуп атын Карганбек деп коюп, барыбызды чакырган деп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости