www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азуусун айга кайраган Текебаев деген бар. Акаевди да, АШАны да коколоп өлтүрүп койо таштаган. АША аны камап койсо да жөн жатпай, акыры анын түбүнө жеткен. Жапаровду көргөндө өң-алеттен кетип жүрөгү түшүп турат. Анткени ал «музоо кезинде сүзүп койсо керек». Садыр Жапаров 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен барды. Маалым болгондой, мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденбург” эл аралык аэропортуна конду.

Президент менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы Айгүл Текебаева да тосуп алды. Эске салсак, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Чүйлүк жигит телефонун тартып алып, оозун канжалата койгон соң Текебаев Германияга элчи болуп кире качкан. Ал башынан батыштын «жашылбайларын» жапшырып көнгөн. Азыр да официалдуу Германиядагы элчи болгону менен Батыштын акчаларына суусап, каны катып турат. Деги элчинин саясатка аралашып турганы туурабы, ага министр эмне деп жооп берер экен? Же Текебаев айта берсе жарайбы?  Азыркы кезде Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал, саясий кризистен улам геосаясаттагы баланс жаңыланууга душар болууда. Экономикалык, саясий башкаруу системасы өзгөрүп жатат. 

Түпкүлүгүндө дүйнөгө ким кожоюндук кылат деген таасир талашуу өкүм сүрүүдө. Башкача айтканда, Америка дүйнөгө бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу аракетин көрсө, Орусия ага жол бербөө үчүн көп полярдуулук система болуш керек деген позицияны карманууда. Мына ушундай абалга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев баа берип: "Дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Жаңы дүйнөлүк тартип орномокчу. Бүгүнкү дүйнөлүк тартип – жөнөкөй, кыскача айтканда бир ордолуу (бир полярдуу) дүйнө бул АКШ" - деп билдириптир. Бул пикири аркылуу Батыштын саясатын колдоп дүйнөнү Америка башкарат деген жыландын башын кылтыйткан экен. Муну менен Текебаев батышчыл саясатчы деген пикирлерди далилдеп койду өңдөнөт. 

Чыр-чатак дегенде кырынан жата калган Текебаев ичим тап болуп турган убагы. Тарых алдында жүрөктөгү акыйкаты буулуп, убактылуу тыныгуу алган кербези. Бир эсе жаш курактын келип калганы, алтымыштан ашканы ичтен тизгин тарттырып, токтотуп турса керек. Арийне, алтымыштан өтсө деле Текебаев жөн жатмак эмес. Турмуш үйрөтүп ал терең ойлонуп «жети өлчөп бир кесип» акылга салгандай. Тергөөнүн алкагында кандай “соодалашуулар” жүргөнү белгисиз, сыр катары айтылбайт эмеспи. А назилинде Текебаевдин унчукпай туруусу, кечээги досторун, кыйбастарын колдоого албай, саясатты козутпай тынч отурганы бийлик үчүн пайдалуу. Бери карап күлүп, ары карап ыйлагандай болуп, Өмүкенин соңку абалы чатак сымал.

Бийлик менен кагылышса эмне болорун билет. Элчилик кызмат көздөн учуп, темир тор көрүнүп калышы ыктымал. Тек гана кала берсе, эртең эл эмне дейт? Кыскасы, Текебаев саясаттагы туңгуюк жолго кептелип калгандай. “Солго барсаң атың, оңго бассаң өзүң...” дегендей.

Текебаевдин Германияга элчи болуп кетиши менен отуз жылдык эски доордун иши бүткөн. Жапаров -Текебаев  кайым айтышы 2020-жылдын октябрынан башталган. Көпчүлүк бийликке баш оору болуп келген Текебаев “музоо кезинде сүзүп койойун” деп Жапаровго асылган. Ал кездеги өкмөт башчысы Жапаров “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деп, аны Көтани сыяктуу бир топ кошоматчылар далилдеп беребиз деп колдоп чыгышкан. Ошол замат  “Азаттык” үналгысына курган маегинде Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген сөзүнө жооп берген. Журналисттин суроосуна сунуш менен кайрылган Текебаев аны Жапаровго берүү керек экенин ишарат кылган: “Садыр Жапаров сотто далилдеймин деп сотко түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Сиз ошол суроону Жапаровго берип көрбөйсүзбү. Эгер Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар алган болсо, Кыргызстандын байлыгын чет элдикке бекер кармата коем деп жүрсө, анда эмне үчүн түн катып үйүнө барып, аны менен сүйлөшүп жатасың, эмне үчүн эл алдында 5-6 жолу жолугуп сүйлөшүп жатасың деген суроону ага берсеңиз болот”, - дейт Текебаев.

Урматтуу Чиркешович  Германияга элчи болуп кетет деген ушактарга чекит коюп, 2021-жылы шайлоонун шайтан жүрүштөрүн баштаган. Анын эң алгачкы искеп, эңсеп келген Курсан Асанов 2020-жылы парламенттик шайлоого акча чачып, ЖКга өткөн, шайлоону жаратпай койгон соң «элдикмин» деп жар салган «Бүтүн Кыргызстан» менен чыгып, бийлик алмашар менен Ички Иштер министрлигин басып алып, тез эле ал жерден куулуп чыккан. Курсан Асанов Текебаевге добуш алып берген эмес, арийне Текебаевдин кайырмагына түшкөн. Бирок Текебаев компромисске келип эми өзү Германияга элчи болуп кетсе, Курсан Асанов үй камагына бошотулган. 2021-жылы шайлоодон соң таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кеткени бар. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Анда парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы чын. Чырдын башы Али Токтакунов чыр-чатак жок акчасы жок калды, Текебаев болсо Германияда...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости