www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар жана эл тарабынан элдик демилге менен нечендеген мыйзамдар жазылган, "Кумтөрдү" көтөрүшкөн бир топ саясатчылар куугунтукталган жана камалышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров билдирди.
"Мени сүйүндүргөнү кылымдын коррупциясы болгон "Кумтөр" алтын кени боюнча 29 жылдан бери жашап келген кылмышка чекит коюлуп жатканы болду. Ал тууралуу УКМКнын төрагасы К.Ташиев өзү да журналисттерге кенен маалымат бербедиби! "Кумтөр" алтын кени боюнча 29 жыл жашаган коррупцияга чекит эле коюлбай, аны жасаган кылмышкерлердин аттары да толук расмий аталганы, башында С.Жапаров турган бүгүнкү бийликке абийир болуп элдин ишеними дагы артты деп ойлойм. Кыргыз элин "Кумтөр" коррупциясын жеңиши менен куттуктайм!
Элдин байлыгы болгон "Кумтөр" үчүн күрөш 1992-жылы башталып, нечен президенттер менен парламенттин, саясатчылардын ортосундагы күрөшкө айланып келген, эки элдик ыңкылаптардын (март 2005- ж. апрель 2010- ж.) башкы талабы болгон, нечендеген кылмыш иштер козголгон.
Депутаттар жана эл тарабынан элдик демилге менен нечендеген мыйзамдар жазылган, "Кумтөрдү" көтөрүшкөн нечендеген саясатчылар куугунтукталган жана камалышкан. Бирок, ага карабай "Кумтөр" чет элдиктер үчүн казылып, азыр кылмыш жообуна тартылып жаткан президенттердин, алардын жакындарынын бекем коргоосунда болуп келгени коомчулук үчүн жаңылык эмес дечи.
Ошентсе да учурдан пайдаланып, "Кумтөр" үчүн ондогон жылдар бою нечендеген президенттер менен күрөшүп келген инсандардын бири катары, мени колдоп убагында кылмыш иш козгоп (2005- ж. апрель) тергөө жүргүзүшкөн мурдагы коллегаларымдын, элдик демилге менен "Кумтөрдү" денонсация кылуу мыйзам долбоорун жазып, кол топтошкон мекенчил үзөнгүлөштөрүмдүн (2013 жана 2019-ж.) атынан азыр "Кумтөр" коррупциясын сындырып жатышкан УКМКнын тергөөчүлөрүнө, анын башчысы генерал К.Ташиевге биз сындыра албаган коррупцияны сындырып жатканы үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Албетте, коррупцияга каршы күрөштө солдаттарын коргоп, колдоп, дух берип жаткан президентибиз Садыр Нургожоевичке мекенчилдик, улуттук багыттан тайбоону каалайм! Ушундай ары оор, ары жооптуу, эл аралык деңгээлде чыр боло турган маселеге элибиздин кызыкчылыгы үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, тобокелчиликке баруу эрдиктин эрдиги. Ушуларды угуп, көрүп туруп, анан кантип маанай көтөрүлбөсүн! Биздин көп жылдык күрөшүбүз бекер кетбептир да", - деп белгиледи Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg