www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ажылык жана умра сапарларын уюштуруунун жаңы тартиби коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, ажылыкка байланыштуу бардык процесстерди санарип форматка өткөрүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу сунушталууда.
Жаңы долбоордо зыяратчыларды каттоо, кезек түзүү, квоталарды бөлүштүрүү, төлөмдөрдү кабыл алуу жана жарандардын кайрылууларын кароо бирдиктүү электрондук система аркылуу жүргүзүлөрү белгиленген.
Ошондой эле ажылыкка кезек автоматтык түрдө түзүлүп, орундарды бөлүштүрүү процессине кол менен кийлигишүүгө, расмий эмес тизмелерди жүргүзүүгө жана кезектен тышкары жарандарды кошууга тыюу салынары каралган.
Бошогон орундар резервдик жана күтүү тизмеси аркылуу толукталат.
Документте ажылык жана умра сапарларынын баасын аныктоо, төлөмдөрдү эсепке алуу жана каражаттарды кайтаруу механизмдерин да толук ачык-айкын кылуу сунушталууда.
Мындан тышкары, авиакомпанияларды, мейманканаларды, медициналык жана камсыздандыруу кызматтарын тандоо ачык конкурс аркылуу жүргүзүлөрү белгиленген.
Жаңы тартипти көзөмөлдөө максатында мамлекеттик органдардын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүү сунушталууда.