www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжанда парламент  өзүн-өзү таркатту сунушуна макул болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн  маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка  караганда,  Азербайжанда парламент 2-декабрдагы жыйынында өзүн-өзү таркатуу сунушуна макул болду жана президент Илхам Алиевге мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоону өтүнүп кайрылды.

Азербайжан парламентинде Илхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" партиясы үстөмдүк кылат. Аталган партия өткөн аптада "парламенттин азыркы курамы Алиевдин саясатына төп келбейт" деген мазмундагы билдирүү тараткан.

Парламентти таратууга депутаттардын 99зу "макул", бирөө "каршы" деген добушун берди. Каршы добуш берген депутат, добуш берүү    укугунан пайдаланган жок.

Белгилей кетсек, бул өлкөнүн мыйзамы боюнча парламентти президент гана тарата алат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону да мамлекет башчы дайындайт.

Эске салсак, Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан. Илхам Алиев,  10 миллиондой эли бар Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости