www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттык Арена» стадиону качан даяр болору айтылды

Бишкектин түштүк-батышына салынып жаткан "Азаттык арена" футбол стадиону 2026-жылдын 1-августуна чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш бекитилген график боюнча жүрүп жатат. Учурда бетон иштеринин 80 пайызы аткарылды, калган бөлүгү 10- декабрга чейин бүткөрүлөт. Андан кийин стадионду куруу башталат, бул этап 15- февралга чейин аяктайт.

Стадион 51 миң орунга ылайыкталган, анда эл аралык ири турнирлерди өткөрсө болот, ФИФАнын стандарттарына жооп берет.

Спорттук имараттын курамында 40 миң чарчы метр соода аянты да каралган. Ага дүйнөлүк бренддерди саткан дүкөндөр жайгашат. Түшкөн акча стадиондун керектөөлөрүнө жумшалат.

Последние новости