www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашканын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-апрелде А.А. аттуу жаранарыз менен кайрылып, анда С.И. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Ал анын ишенимге кирип, алдоо жолу менен, унааларды сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жалпы баасы 58 000 АКШ доллар турган “KIA K8”, “KIA Carnival”, “KIA Sorento” үлгүсүндөгү автомашиналарды ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-(Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка
шектүү катары 2000-жылы туулган А.Р. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу дагы жыйырмадан ашык кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Басма сөз кызматы