www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Автокырсыкка кабылып, оор абалда жаткан жоокердин окуясын президент жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымат агенттиги жазып чыкты.
Буга чейин комада жаткан жоокердин апасы уулунун маселесине көңүл бурууну өтүнүп, Садыр Жапаровго кайрылган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков аттуу аскер кызматкери 6-апрелде "УАЗ-Пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаа жүрүп бара жаткан учурда кулап түшкөн.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, саламаттыкты сактоо министрине жоокер боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.
"Унаадан кулап кырсыктаган жоокердин саламаттыгына кам көрүү маселеси Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Жоокерге медициналык жактан ыкчам зарыл болгон бардык чараларды көрүү, анын ичинде зарыл болсо Бишкекке алып келүү же чет өлкөгө жөнөтүү маселесин да карап көрүү тапшырмасы Саламаттыкты сактоо министрине берилди", деди Аскат Алагөзов. Ал жоокердин апасы Бактыгүл Ажыматова менен байланышып, маалымат бергенин да кошумчалады.
Ал арада Мамлекеттик чек ара кызматы Лейлек районунда кызмат өтөп жатып, кырсыкка кабылган аскер кызматкерине байланыштуу маалымат таратты. Ага ылайык, кырсык 6-апрелде болжол менен саат 08:30 чамасында Ак-Суу – Раззаков жолунда катталган. 2004-жылы туулган Данияр Нурбеков аттуу аскер кызматкери "УАЗ-Пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаа жүрүп бара жаткан учурда кулап түшкөн. Ал 2025-жылдын күзүндө аскерге чакырылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя тоолуу жолдогу катуу силкинүүнүн кесепетинен болгон. Кулап түшкөндөн кийин аскер кызматкери дароо эс-учун жоготкон.
"Окуя болгон жерге дароо тез жардам чакырылып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин катардагы жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Ош шаарынан келген дарыгерлер тобу тарабынан операция жасалган. Азыркы учурда аскер кызматкеринин абалы туруктуу оор деп бааланууда жана ага бардык зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүп, керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган",- деп айтылат маалыматта.
Маалыматта белгиленгендей, аскерди Бишкек шаарына жеткирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок медициналык көрсөткүчтөргө ылайык, анын абалы турукташмайынча ташууга болбойт.
"Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Лейлек райондук ооруканасына андан ары дарылоо жана кеңеш берүү үчүн тажрыйбалуу нейрохирург жөнөтүлгөн. Ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын медициналык кызматы жана Лейлек райондук ооруканасынын дарыгерлери тарабынан бейтаптын абалын көзөмөлдөө үчүн нөөмөт уюштурулган",- деп жазылган билдирүүдө.