www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коомдук транспорттогу адепсиз жүрүм-туруму үчүн чет элдик жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Социалдык тармактарда чет элдик жаран коомдук транспортто кыздарга туура эмес мамиле жасаганы тартылган видео тараган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы аталган жарандын өздүгүн тактап, райондук тергөө бөлүмүнө алып келишкен. Ал 1988-жылы туулган В.И.

Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Майда бейбаштык" беренси боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар белгиленген тартипте соттун кароосуна жиберилди.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жүрүү эрежелерин бузган чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылары белгилүү болду.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы чет элдик жарандарды Кыргызстанда жүрүүдөгү мыйзамдарды жана эрежелерди так сактоого, коомдук тартипти, маданиятты жана каада-салтты сыйлоого чакырат.

Мыйзам бузуулар катталса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Последние новости