www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлиги август айында барууга болбой турган клиникалардын тизмесин жарыялоону убада кылды. Бул тууралуу маалымат жыйынында аталган мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Анын айтымында, министрлик Алымкадыр Бейшеналиев баштаган косметикалык, фармацевтикалык, стоматологиялык, гинекологиялык кабинеттерди, борборлорду текшерүүнү улантууда.
«Бул туура чечим болду. Азыр ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат. Биз текшере беребиз, бирок аны көп жарнамалабайбыз. Санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп бербеген, документи, квалификациялуу кадрлары жок иштеген кабинеттер, эмканалар бар. Ар бир мекемеге тиешелүү чечим кабыл алынат. Комиссия 10-августка чейин иштейт, андан кийин талапка жооп бербеген клиникалардын тизмесин жарыялайбыз”,-деди Жаркынбек Касымбеков.
Эске салсак, 10-июнда борбордогу жеке клиникалардын биринде жасалган операциядан кийин 40 жаштагы бейтаптын абалы начарлап кеткен. Төрт күндөн кийин аял Улуттук госпиталга жеткирилген. Бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес. Дарыгерлердин айтымында, анын көптөгөн органдары иштебей калган. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык жеке клиникаларды текшере турганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg