www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ Жогорку Кеӊештин депутаты Айтмамат Назаровду «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКсынын башкармалыгынын башчысы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу депутат А.Назаров бүгүн, 23-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирип, бүгүнтөн тарта депутаттык ыйгарым укуктарын токтоторун билдирди.
Айтмамат Назаров 6-чакырылыштагы Жогорку Кеӊешке «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат болуп келип, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына шайланган.
А.Назаровдун билдирүүсүндө ал төрагалык кылган мезгилде аталган комитетин 83 жыйыны өткөрүп, анда 36 мыйзам кабыл алынып, иштеп жатат. 350дөн ашуун ар кандай маселелер каралган. Бул мезгил аралыгында мыйзамсыз салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу, айыл тукум мал чарбачылыгы менен үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жана башка бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын Жогорку Кеңештин Басма-сөз кызматы жазып чыкты.
А. Назаров энергетика тармагындагы жаӊы иш-милдети ары түйшүктүү экенин билдирип, тагылган милдетти бар-күч аракети менен аткара тургандыгын айтып, туура менеджмент жүргүзүү, структурага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, системаны толук санариптештирүү менен аталган мекемени алдыга жылыдырарын белгиледи.
Айтмамат Назаров 4 жыл чогуу иштеп, бир топ ийгиликтерди жараткан кесиптештерине ырахматын, ишеним көрсөтүп добушун берген шайлоочуларына ыраазычылыгын айтты.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Айтмамат Назаровдун жаӊы дайындалган ишине жалпы депутаттардын атынан ийгиликтерди каалады.
Булак: NazarNews.kg