www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мусулманчылыкта орозо айында мурдагы таарынычтарды унутуп, сөгүшкөндөрдү, жөөлөшкөндөрдү кечиришип туруу сыпатталган. Тилекке каршы бизде болсо тирешүүлөр, менменсинүүлөр, чокуга чапмайлар токтобостон саат сайын күчөп баратат. Чү деген жерден түрк элчиси муфтиятка далысын салып, силер ким менен экениңерди чечкиле деп ачыгын ачуусуна чыдабай айтып жиберди. Эми аны тышкы иштер министрлиги жөнгө салышы кажет.
Мамлекетте абал тынч эмес. Ифтар уланганы менен ички ыйкы-тыйкылардан прокуратура, УКМК,милиция чыңалып чыкканы байкалып турат. Орозого карабастан үстөккө-босток камоолор кээ бирөөлөрдүн үрөйүн учуруп койду. Кезекте кимибиз турабыз деген “шектүүлөр” болсо түн уйкусун бузуп алышкандай. Саясатчылар, генералдар, министрлер, медициналык өкүлдөр, блогерлер, жарандык активисттер кыймылга келишип “өзөктүү” иштерге кулак төшөп, саресеп салып турган кези. Деги эмне болуп кетээр экенбиз...
Булак: "Ачык сөз"