www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет желесинде өзүн Максат Сабировмун деп тааныштырган киши мындан ары бийликке каршы чыгым деп ачык айтып, эл ичиндеги эл бузарларды кууп чыгууга чакырган аудиожазуу тарады.

"Урматтуу Маман айылынын тургундары, Мамандын жаштары!

Мен ушуга чейин чыдап, эч нерсени айткан жокмун. Ушул элимди, журтумду эч качан кабатыр кылбайын деп, ушул айылыма кылган жакшылыгымды айткан жокмун.  Эч качан силерди уят кылбаганга аракет кылдым. Башка депутаттарга окшоп “маколё-саколё” деп силерди уят кылган жокмун.  Мына бүгүнкү күнү Кудай тааламдын ушул сыноосудур, мен бүгүнкү күндөн баштап, мен ушул азыркы бийликтин, азыркы бийликке чуркагандардын оппозициясы болдум. Өзүңөр угуп койгула, Кудай таалам бизге сыноо берген экен, ушул сыноолордон өтүп атсам керек.

Мен, Сабиров Максат Эсенович, Эсендин баласымын, чабан Эсендин баласымын, 10 жыл депутат болдум.  Силердин мына бүгүнкү жашооңорго күбө болуп, ушул силерди, районумду, областымды уят кылган жокмун. Бирок ушул айылыбыздын бийлик деп чуркап жүргөн балдарынын, бандиттердин аркасынан чуркап жүргөн балдарынын жүзүн көрдүм мен.  Алар менин жанымда жүрүштү.  2010-жылы аларды камап коё турган убагында мен ошолорду сактап калдым, кийин алар мага каршы чыгышты.

Ошон үчүн алтындай элим, Маман айылым, алдыңан кетейин Мамандыктар, мен силерди ушундай жүрөгүм менен жакшы көрөм. Маман эли – ушундай куттуу элсиңер. Кандай болсо дагы, бирок бүгүндөн баштап мен чындыкты айта баштайм. Мен бетиңерге айта баштайм. Буга чейин мен чыдап келгем. Чыдап баарыңардын ынтымагыңарды каалап келгем. Ушул биздин айылыбызды, элибизди бузарлар жоголсун! Мен силердин балаңармын. Мен депутат болгону Маманга жаман болгон жок. Жакшылыктын баары келди. Районубузга жакшылык келди. Бир кенедей районубуздан мен 3 депутат чыгардым. Бул тарыхта кала турган нерсе. Улан Чолпонбаевди чыгардым, Асылбек уулу Дамир келди. Маман айылынан ушул эки уулуңар чыгып, депутат болгону үчүн силер сыймыктансаңар болот. Мени жаман көрсөңөр жаман көргүлө. Кандай десеңер андай дегиле, мындан кийин мен мындай сөздөрдү сүйлөбөй калышым да мүмкүн. Өмүрүмдүн канчалык узун экенин бир кудайдын өзү билет.

Урматтуу Мамандын жаштары! Элибизге, аталарыбызга, энелерибизге, баарына айткыла ушул сөздөрдүн баарын. Аман болгула, бар болгула, бай болгула.  Көбөйгүлө, өнгүлө, өскүлө, бирок, биздин ушул айылдан чыгып, биз ушул кыргыз элинин атынан депутат болуп чыкканыбыз үчүн бизге сыймыктангыла! Анан бүгүндөн баштап, мен ушул айылдагы ар бир бийлик үчүн, байлык үчүн деп жутунгандар үчүн мен каршы чыгам! Ушуларга мен түбөлүккө каршы чыгам. Ушулар үчүн мен жанымды берем. Ант берем. Эгер мени өлтүрүп кетишсе же мен жөнүндө бир нерсе кылабыз дей турган болсо мен ошого да каршы чыгам! Мени ар кандай деп айтасыңар, казактын баласы дейсиңер, кыргыздын баласы дейсиңер, бирок мен ушул айылыма, Ысык-Көл областында, атам төрөлгөн жерде, өзүм төрөлгөн жерде мен каным менен, жаным менен мен силерге ант берем! Дайыма ушул айылым , районум, областым үчүн иштегенге.

Мен азыркы бийликке каршымын! Азыркы бийликти мен эртеңки күндөн баштап, Кудай буйруса, Кудай буйруса мен дайыма каршы келгем. Эртеңки күндөн баштап мен ачыгын айта баштайм. Айланайын айылдыктарым, аман болгула, бар болгула, бай болгула, бирок, эл бузарларды ичиңерден кууп чыккыла! Эл бузарларды, журт бузарларды, тыштан келип, жээн болуп жүргөн эл бузарлардын баарын жоготкула!", - деп айткан аудиожазуудагы киши.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун үнү делген Интернеттеги аудио боюнча териштирүү башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган аудио боюнча экспертиза дайындалат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, чара көрүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКдан билдирүү келе электигин, кайсы аудио жөнүндө сөз болуп жатканын билбей турганын жергиликтүү басылмалардын бирине айтты.

“Кечээ ооруп жаткан Бейшен Дүйшембиев деген досумду үйүнө кирип өлтүрүп кетишти. Ошону уккандан кийин “Эмне болгон мамлекетте жашап жатабыз?” дедим. Өзүм да ооруп жатам. Менин эмне деп сүйлөгөнүм тарап жатканын билген жокмун. Мен бийликке каршы чыгам деген жокмун, "Ушу бийлик эмнеге иштебей жатат?" дедим. Эми каршы чыккандан деле кайра тартпай калдык окшойт. Эмне болуп атат? Ооруп жаткан кишини үйүнө кирип өлтүрүп жатышат. Биз бандиттерди "жардам берди" деп мактап чыгарып атабыз”, - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости