www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атырау шаарынын УГ-157/9 абагында соттолгондорго орозо кармоого тыюу салынганы кабарланууда.
Укук коргоочу Асел Нургазиеванын айтымында, мунун менен жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча укуктары бузулууда. «Бүгүн орозо кармаган төрт соттолуучуну ички тартипти бузду деген жүйө менен карцерге отургузушкан. Бирок алар орозолорун улантышууда. Абактын катаал шартында орозо кармоо оңой эмес», - деди ал.
Атырау облусундагы түрмөлөрдө жана УГ-157/9 абагында орозо кармоого тыюу салынганын ИИМдин жазаларды аткаруу системасынын облустук департамент башчысы Жасталап Басаров ырастады. Анын айтмында, орозо кармоого колониянын ички тариптери жол бербейт.
«Ал жерде карцерге камалгандар тууралуу маалымат келип түшкөн жок, биз текшерип жатабыз. Камактагылардын баары эле мусулман эмес. Сегиз сааттык уктоо эрежесин бузуу – башкалардын конституциялык укуктарына шек келтирет», -деди подполковник Жасталап Басаров.
Бул колонияда 412 соттолгон жаран бар.
Булак: "centralasian.org"