www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы Абдурахманджи Муртазалиевге Свердлов районунан депутаттык мандат берүүнү чечиши керек.

Жогорку Сот депутат Шайлообек Атазовдун иши боюнча чечим чыгарды.

Жогорку Соттун коллегиясы буга чейинки эки инстанциянын – Административдик жана Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эми Борбордук шайлоо комиссиясы Абдурахманджи Муртазалиевге Свердлов районунан депутаттык мандат берүүнү чечиши керек.

2022-жылдагы шайлоодо Муртазалиев эң көп добуш алган, бирок добуштарды сатып алуу боюнча Ички иштер министрлигинен маалымат түшкөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы анын каттоосун жокко чыгарган. Шайлообек Атазов көп өтпөй шайлоодо жеңүүчү деп таанылды.

Кийинчерээк Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, Атазовду депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын канааттандырбай, депутаттыкка талапкер административдик сотко кайрылган. Жыйынтыгында сот Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, доогерди Свердлов районунан шайланган депутат деп таанууга милдеттендирди.

 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости