www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.
Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу кызматтар тарабынан объектти бузуу иштери уюштурулуп, жүргүзүлдү. Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.