www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн парламентте “Ата-Мекен” фракциясы Кыргызстанда орун алган чуулгандуу окуялардын чоо-жайын талкуулайт. Алардын бири – Мамлекеттик тарых музейин оңдоодогу жемкордук болмокчу. Фракциянын жыйынына музейдин жетекчилиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Каржы министрлигинин жооптуу адистери чакырылган. Алардан тышкары, Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Каржы полициясынын, Архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү да келишет.
Быйыл жазында Мамлекеттик тарых музейин оңдоодо ири жемкордук иштеринин бети ачылган эле. Анда сатылып алынган буюмдардын баалары ондогон эсе ашыра көрсөтүлгөнү аныкталган. Булардан тышкары, музейдин имаратынын тышкы фасадынан көчүрүлүп алынган кооздоочу баалуу гранит таштары да дайынсыз жоголгону маалым. Ал гранит таштарынын изин экс-президент Атамбаевдин Кой-Таштагы жаңы курулган вилласынан издегендер да арбын. Маалыматтарда музейди реконструкциялоодо 13 млн доллар чиновниктердин жеке кулкундарына кирип кеткен. Баалардын ашыра жазылышы боюнча музейдеги смета калайыктын оозун ачырган Бишкек ТЭЦиндеги суммалардан да ашып түшкөн. Маселен, ат сымал картон статуя 14000 евро, бир нече мамычалардан турган кадимки тактай инсталляциянын ар бир мамысы 600 евродон, гардеробдун эмереги 142 миң евро, консультациялык-дизайнердик кызматтарга 394 миң евро сарпташкан. Бул жемкордук иштерде ошол кездеги президенттик аппарат менен өкмөттүк жооптуу жетекчилердин катыштыгы бардыгы айтылып келет. Музейди реконструкциялоо иши президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун түздөн-түз куратордугу астында ишке ашкан. Бюджеттик каражатты туура эмес пайдаланууга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок, ал кылмыш ишинин жыйынтыгы боюнча кимдер жоопко тартылып жатканы белгисиз.
Мындан тышкары, фракция “Белизгейт” чырын укук коргоо органдарынын катышуусунда талкуулайт. “Белизгейт” чыры экс-президент Алмазбек Атамбаев менен оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы келишпестиктин айынан чыккан, атайын ойлонулуп табылган компромат экендиги белгилүү болгон. Аны Атамбаевдин ишенимдүү кадры, УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев 2016-жылдын декабрында уюштуруп, “атамекенчилер” Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованы чаап түшүрүү максатын көздөгөнү айтылган.
Булак: NazarNews.kg