www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган эки кызматкериин иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Бул тууралуу УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында:

"Тилекке каршы, алар Атамбаев менен бирге качып кетип, анын үйүнө жашынып алган. Муну менен алар бийлик өкүлүнун мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө шерик болуп калышты. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын аракетине юридикалык баа берилет" - деп айтты. УКМКнын 9-башкармалыгынын эки кызматкери 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо кармалган, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости