www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Марсбек уулу Илич Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) миссиясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга IFADдын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Лаура Маттиоли баштаган делегация катышып, «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча маселелер каралды.

Тараптар Кыргызстан менен IFADдын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулап, долбоордун аткарылышына өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушууда айылдык жамааттардын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш ресурстарын сактоо, токой жана жайыт экосистемаларын өнүктүрүү, ошондой эле айыл жергесиндеги калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча демилгелерди колдоо маселелери сөз болду.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорун биргелешип ишке ашырууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

 

 

 

 

 

 

Последние новости