www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жайыт жерлерди мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн.

Мониторингдин жыйынтыгында Нарын облусунун Ат-Башы районунда айрым жарандар жайыт жерлерин өзүм билемдик менен ээлеп алып, турак жай жана чарбалык курулуштарды курганы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча төрт жаранга мыйзамсыз курулуштарды буздуруу жана жер тилкелерин мурдагы абалына келтирүү тууралуу бир айлык мөөнөт менен жазма буйруктар берилди.

Мындан тышкары, жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 42 жаранга карата административдик протоколдор түзүлдү. Натыйжада жалпы суммасы 315 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жарандарды жер мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырып, мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Последние новости