www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагында жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагына жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 363 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктады.
Тактап айтканда, 2025-жылдын апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыялаганы аныкталган. Натыйжада, "В." ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 863 000 сомго келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн атайын жабдуулар "Ат-Башы Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.
Эксперттик баалоо боюнча, тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлгөн, унаа 2019-жылдан берки тетиктер жана компоненттер менен жабдылган жана салону кайра сырдалган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аныкталган зыяндын орду толтурулуп, тендердин квалификациялык талаптарына жооп берген 5 миллион 363 миң сомдук 2025-жылы чыгарылган жаңы “DONGFENG” таштанды ташуучу унаасы алынып келинди.