www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борборунда жүрөктү титиреткен кайгылуу окуя болду.

Окуя элиталык турак жай комплексинин жанында болгон. Жаш аял бийиктиктен кулап кеткен. 15-кабаттан кулаган 27 жаштагы аял кырсыкка байланыштуу эки жашар бала жаткан коляскасынын үстүнө түшкөн. Тилекке каршы, анын кесепетинен экөө тең каза болгон. 

Анын терезеде отурган учурун турак жай комплексинин айрым тургундары видеого тартып алышкан.

«Кулаган учурда ал эки жашар бала жаткан балдар коляскасынын үстүнө түшкөн. Алган жаракаттарынан улам бала  да, аял дагы каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда. Адистер трагедияга эмне себеп болгонун аныктап жатышат.

Последние новости