www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 26-июнунан тартып Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды кайрадан ишке киргизет.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

Рейстер күндүн биринчи жарымында уюштурулуп, жүргүнчүлөргө Ысык-Көлдө эс алуу убактысын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

Авиакомпания бул каттамдардын кайра ачылышы өлкөнүн түштүк аймагында жашаган жарандар үчүн Ысык-Көлгө жетүүнү кыйла жеңилдетерин белгиледи.

Аба каттамы аркылуу жүргүнчүлөр Тамчы аэропортуна болжол менен бир саат ичинде жетип, узак жол жүрүүдөн кутулушат.

Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча бир тарапка авиабилеттердин баасы 6 500 сомду түзөт.

Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты жана мобилдик тиркемеси аркылуу комиссиясыз сатып алууга болот.

«Асман Эйрлайнс» өлкө аймактарынын ортосундагы аба байланышын өнүктүрүп, жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү саякат мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантарын билдирди.

Последние новости