www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстандагы ички аба каттамдарынын баасы тууралуу маалымат берди.
Ал: Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылга карата өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдарга баалар базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди.


Ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат.
Башкача айтканда, мурдагыдай болуп кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт.
Кыргызстанда жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга, аймактык байланыштарды чыңдоого жана өлкө боюнча транспорттук инфраструктурага бирдей шарттарды түзүүгө багытталган "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында масштабдуу программа ишке ашырылууда.
Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана кубаттоосунун аркасында өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын багыттары боюнча туруктуу, социалдык багыттагы тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейүүдө.
Бул демилге социалдык мүнөзгө ээ жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн гана ишке ашырылууда.
Буга чейин ички каттамдар боюнча билеттердин баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген.
Мындан улам учуулар туруксуз, баасы боюнча көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн өзгөчө оор болгон.
Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун чечими менен мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды.
Демилге аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга; ички туризмди колдоого; региондордогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө; өлкөнүн резиденттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Нарын, Талас, Казарманга каттамдар мурда жумасына 1 жолу аткарылчу. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына 2 жолудан каттам аткарылат, - деди Алагозов.