www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте көчөдө мушташып кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы 17-августта билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда эркектер мушташып жаткан видео тараган. Мушташ учурунда алардын бири экинчисин асфальтка көтөрүп чапкан.

Окуя 13-августта Тоголок Молдо көчөсүндө болгон жана каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын маалыматы боюнча, чыр-чатакка катышкандардын өздүгү аныкталып, 1999-жылы туулган Л.М. жана 1992-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалды.

Аларга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү.

Последние новости