www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Нарын облусунун Кочкор районунда 2026-жылдын 9-февралынан 12-февралына чейин балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кербендин II этабынын башталышына катышты.
![]()
Иш чара Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы тарабынан БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин корутунду сунуштарын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында, "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси менен биргеликте өттү.
Иш-чараларга жалпысынан 450гө жакын окуучу жана 280 ата-эне катышты. Маалыматтык кербендин жүрүшүндө "Балдардын коопсуздугу үчүн күч-аракеттерди бириктирели" деген темада маалыматтык-агартуу иш-чаралары уюштурулду, анын алкагында:
• педагогдор, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен зомбулуктун алдын алуу жана жергиликтүү деңгээлде балдарды коргоо системасын чыңдоо маселелери боюнча жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү;
• позитивдүү ата-энелик боюнча практикалык сабактар уюштурулду;
• балдар менен ата-эненин ортосундагы мамилени чыңдоого багытталган психологиялык консультациялар көрсөтүлдү.
Бекитилген планга ылайык, маалыматтык кербенди өткөрүү Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында улантылат.
Маалымат үчүн: маалыматтык кербендин I этабынын алкагында 12 жалпы билим берүүчү мектепте иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде Ысык-Көл облусунда (Түп жана Жети-Өгүз райондору) – 6 мектеп, Чүй облусунда – 2 мектеп, Бишкек шаарында – 4 мектеп. Иш-чараларга 7–11-класстын 1300 окуучусу жана 620 ата-эне катышты.
![]()
![]()