www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы Роза Отунбаева экс-президент Курманбек Бакиевдин өзүн гана эмес туугандарына чейин куугунттук кылуу үчүн «сталиндик-гестаполук» жазалоо салтын баштап бергени өкүндүрөт. Ал жазалоо боюнча «Бакиевдин туугандарына эч кандай моралдык жактан да, укуктук жактан да кечирим болбошу керек» деп ачык эле айткан. Мындай пикирин журналист Асейин Саралаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Ошентип, Роза эжекебиз БУУнун төрагасынын Афганистандагы өкүлү жана миссиясынын башчысы болду деп чуру-чуу түшүп калдык. Социалдык тармактарда «Роза Исаковна элде жок дипломат, дүйнөлүк лидер, БУУнун төрагасы өзү чакырып дайындады, укмуш эле укмуш», - дешип кубанып алкагандар менен кошо: «Июнь окуясы боюнча соттолбой качты, мастан, жезкемпир», - деп шатыратып сөккөндөр да көп болду...

А мен болсо кыргыз бийлиги «ала койду бөлө кырккан» кырчаңгы саясатын качан токтотот болду экен деп, бир ыптасы жүн, бир капталы тасырайган бечара кой Отунбаеванын жанында кирерге тешик таппай, уялып тургандай элестетип отурам... Атактуу Сократтан: «Бийликтин адилетсиздигинин уюткусу каякта болот?», - деп суроо беришкен экен. Анда улуу даанышман: «Теңсиздик мамиледе» деп жооп берген экен. Бул нерсе Европанын укуктук талаасында Сократтын теңсиздик теориясы катары колдонулуп жүрөт... Кептин ток этер жерин айтсам, акыркы бир жылдан бери Кыргызстандын экс-президенттерине карата теңсиздик мамиле күчөп бараткандай? Мына Өкмөттүн башчысынын орун басары Эдил Байсалов твиттер баракчасына: «По представлению и активной поддержки Президента С.Н.Жапарова Роза Исаковна Отунбаева получила назначение в качестве спецпредставителя Генсека ООН и Глава миссии в Афганистане»,- деп маңдайы жарыла кубанып жазып чыкты. Бул жерде баса белгилеп кетүүчү нерсе, элчини болобу же эл аралык уюмдардын өкүлүн болобу, алар өздөрү жөн гана кимди көрсөтөсүңөр деп сурашат. Айрымдар мактап аткандай БУУнун жетекчиси Отунбаеваны көрсөткүлө деген жок... Ал эми кимди дайындоо боюнча сунушту өлкөнүн президенти чечет. Президент керектүү адамды көргөзөт. Эсиңиздерде болсо 2013-жылы Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Адахан Мадумаров, Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалып Түркияда иштеп келди эле. Бул жагынан алып караганда апрель жана июнь окуялары боюнча башкы күбө жана жоопкер, а мүмкүн кылмышкер катары сурала турчу Роза Отунбаеванын мындай эл аралык жооптуу кызматка көрсөтүлүшү кызыктай болуп калгандай. Макул эми Роза Отунбаева мыкты жана тажрыйбалуу дипломат экен. Макул апрелди коюп жана июнь окуясы боюнча кылмышкер эмес саясий гана жоопкерчилиги бар дейли. Макул мурда Грузин-Абхаз конфликттерин жоюу боюнча иштеген тажрыйбалуу айым катары Афганистанга дайындалды дейли, бирок Отунбаева президент кезинде бийлигин аша чапкандык менен колдонгон фактыларды эмне кылабыз? Июнь окуясы боюнча Укук коргоочулардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык обсерваториясынын миссиясы ошол 2010-жылы Башкы прокурор болуп иштеген Кубатбек Байболов менен маектешип, (21.09. 2015) ал кишинин укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча: «Роза Отунбаева дала суду прямое указание приговорить Аскарова к пожизненному лишению свободы», - деп айтканын жарыялашкан эле. Бул жөнүндө 2016-жылдын 11-июлунда K-NEWS агенттиги атайын макала жарыялашкан болчу... Көрдүңүзбү Башкы Прокурор президентти айтып жатат?! Мен муну менен Аскаровду актап жаткан жерим жок. Болгону Отунбаеванын учурунда Конституцияны тебелеп сотторго түздөн-түз кысым жасаган окуялардын болгону да көп суроолорду жаратат. Бул мамлекеттик чоң кылмыш эмеспи? Ушундай кылмыш кылган адамды БУУнун миссиясынын жетекчиси кызматына көрсөтүү туура келеби? Роза эжеке өзү эмне дейт болду экен? Балким чыныгы сепаратисттер Кадыржан, Иномжон, Карамат сыяктууларды кармай алышпай качырып жиберишип, сотторду тепкилеп жатып Аскаровду жердин түбүнө киргизгенине бушайман болор?

Сократтын «теңсиздик» боюнча айткандарына улай, 2010-жылы Роза Отунбаева экс-президент Курманбек Бакиевдин өзүн гана эмес туугандарына чейин куугунттук кылуу үчүн «сталиндик-гестаполук» жазалоо салтын баштап бергени өкүндүрөт. Ал жазалоо боюнча «Бакиевдин туугандарына эч кандай моралдык жактан да, укуктук жактан да кечирим болбошу керек» деп ачык эле айткан. Ал салтты мураскору болуп келген Атамбаев алты жыл бою ийгиликтүү улантып, менчиктеп алган сотторуна Бакиевдерди жана туугандарын кылмышкер катары мыйзамсыз кесишип, кичинекей балдарына чейин чыркыратып камашып, куугунттукташып, күн сайын аларды бети жоктук менен каралоо жана жалаа жабуу аркылуу күнүн өткөрдү...

Макул өткөн күндөр өттү дейли... Эмне болсо эле «Всюду Бакиевские кадры» деп телпейген шляпасын баса кийип алып элди дүрбөтүп чыккан адаты бар Роза эжени ал жоруктарын унуталы... Ал нерсе Атамбаев экөөнүн адатка айланган «хронический пристубу» деп көз жумуп коёлу... Бирок дагы деле Сократтын теңсиздик теориясы уланып жатпайбы?

Эмне үчүн Садыр Жапаров экс-президенттер: Аскар Акаевге, Роза Отунбаевага жана Сооронбай Жээнбековдорго көргөзгөн жогорку сый-урматын, алардан жүз эсе өлкөбүзгө мээнетин төккөн экс-президент Курманбек Бакиевге көргөзбөй жатат? Эмне үчүн Курманбек Бакиев гана ак жеринен жабыр тартышы керек? Керек болсо иниси генерал-лейтенант Жаныбек Бакиев дагы эчак эле акталышы керек болчу! Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Курманбек Салиевич: өзүнүн 100 пайыз ак экендигин айтып, тергөө иштерине жана сотко катышууга даяр экенин жана чындыкка жетем деп ишенгенин билдирип маек бергенине карабастан «төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок» болуп отурушат. Демейде ар бир сөзгө жооп берген активдүү Президентибиз дагы ал маек жөнүндө бир да сөзүн айткан жок... Тескерисинче, Башкы прокуратура Беларус өлкөсүнө Курманбек Бакиевди коркунучтуу кылмышкер сыяктуу өлкөгө мажбурлап алып келүү максатында кабаттап кат жазышканын токтотушпады... Эмне үчүн?

Сөзүмдүн акырында айтарым Курманбек Бакиев Кыргызстанды көз карандысыз өлкө катары калыптанышына катуу аракет кылып дүйнөнүн күчтүү өлкөлөрүнө теңтайлашкан саясат жүргүзгөнүнө күнөөлү эмес! Ал Отунбаева сыяктуу батышка, Акаев, Атамбаев, Жээнбековдор сыяктуу Кремлге карап сыйынып, жагалданган эмес! Ушундай көз карандысыз саясатты жактырышпай, Кремль дагы, АКШ баштаган батышы дагы Бакиевден чоочулап турушкан. Ошондуктан, Батыш Отунбаеваны эркелеткендей, Кремль Атамбаевди ооруканага чакыргандай мамиле кылышпайт. Бул жагынан алып караганда Курманбек Бакиевди көктөн түшүрбөй көтөрүп алчу жердебиз...

Мен дагы деле Садыр Жапаров бардык экс-президенттерге өзү убада бергендей адилеттүү мамиле жасайт деп ойлойм. Ар дайым унутта калгандай мамиле жасалган Курманбек Бакиевге дагы мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, экс-президентибиздин адилеттикке жетишине дагы зор салым кошот деп ишенем! Кыргыз бийлигиндеги «ала койду бөлө кырккан» саясат токтоп, Сократтын теңсиздик теориясы колдонулбай, экс-президентибиз Курманбек Бакиев дагы адилеттикке жетип, президенттерге гана тиешелүү жогорку сый-урмат менен Кыргызстанга жаркылдап келет деп күтөм жана Жараткандан дуба кылам! Бакиевге БУУда дагы, Кыргызстанда дагы эч кандай кызматтын, айлыктын, байлыктын дагы кереги жок! Бакиев Курманбек Салиевич Кыргызстанга келсин!», - деп жазган Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости