www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды.
Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр жаңы дайындалган министрдин тышкы саясаттагы тажрыйбасына токтолду.
«Руслан Казакбаевдин дипломатиялык кызматта чоң тажрыйбасы бар. Баарыңар жакшы билесиңер, айрымдарыңар чогуу иштешкенсиңер. Бүгүнкү кырдаал оңой эмес, бирок биз биргеликте өлкөнүн дүйнөлүк аренада позициясын бекемдөөгө жана алдыга коюлган милдеттерди чечүүгө өз салымыбызды кошо алабыз деп ишенем», – деди Артем Новиков.
Белгилей кетсек, министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине көңүл бурду.
«Биздин алдыбызда турган маанилүү милдет – экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүү. Бул блокту өркүндөтүү керек. Тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана реструктуризациялоо боюнча ишти улантуу керек», – деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg