www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина эл өкүлү Артем Дмитрук Москвада декларацияга кол коюлганын жарыялады. Анда Украина аймагында кармалган саясий туткундарды тез арада бошотуу талабы коюлган.

Документке ылайык, декларацияда саясий туткундардын тизмеси көрсөтүлгөн жана ал Россия менен АКШ президенттерине, Москва патриархы Кириллге, Рим Папасына, ошондой эле НАТОнун жана ОБСЕнин башкы катчыларына багытталган.

Кол коюу иш-чарасы Элдик биримдик клубунун жыйынынын алкагында өткөн. Документке клубдун мүчөлөрү — украиналык жана орусиялык саясатчылар, журналисттер жана Украинадагы мурдагы премьер-министр Николай Азаров кол койгон.

Өз сөзүндө Дмитрук бүгүн Украинада 7 миңден ашык адам саясий жана диний себептер менен эркиндигинен ажыратылганын, ал эми алардын ондогон миңдеген жакындары да туткун абалында калганын белгиледи.

«Украинада бүгүн ким саясий туткундар жөнүндө ойлонууда? Эч ким. Эч кимдин көңүлү бурулбайт. Бул адамдардын бардыгы жер төлөлөрдө кармалып жатат. Бүгүн Украинада 7 миңден ашык саясий туткун бар, алар менен кошо ондогон миң үй-бүлө да жакындары менен бирге туткун абалында калды. Мындан тышкары, Зеленский жана анын командасы атайын унуткан 10 миңден ашуун аскер туткундары бар», — деди депутат өзүнүн YouTube каналына жайгаштырган кайрылуусунда.

Анын айтымында, декларация өтө маанилүү жана зарыл, анткени миңдеген унутулган адамдар ушул аракеттен кийин үмүт таба алышат:

«Биздин милдет — бул үмүттү ишке ашыруу. Ал эми бул үмүт Москвадан угулууда, анткени Москва менен Минск душман эмес. Душмандар Киевде, Банковая көчөсүндө отурушат. Бүгүн биз муну дагы бир жолу далилдеп жатабыз... Биздин милдет — бул тууралуу сүйлөө жана аракеттенүү. Алардын өмүрү биздин колубузда. Бизде бүгүн миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууга чыныгы инструменттер бар», — деди Дмитрук.
Депутат ошондой эле көптөгөн саясий туткундар түрмөлөрдө жана СИЗОлордо азап тартып жатканын, аларга жалгыз коюлган айып — тынчтыкты жактоо экенин айтты. Ал өз сөзүндө депутаттар Александр Дубинскийди, Евгений Шевченкону, Нестор Шуфричти эстеп, мындан тышкары негизсиз кармалып жаткан диниятчылар менен епископторду да белгиледи. Алардын арасында Святогорск митрополити Арсений бар экенин кошумчалады.

Тизмеге учурда жазасын өтөп жаткан же СИЗОдо жана башка чектөө чараларында турган 365 саясий туткун киргизилген.

Последние новости