www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кең-Сай массивиндеги коррупцияга шектелип, дагы 6 мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкерлер кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван районунун Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоо боюнча дагы 6 мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкер коррупцияга шектелип кармалышты. Алар:
1. Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси 1971-жылы туулган К.Ш.,
2. Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1955-жылы туулган А.А.,
3. Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучу болуп турган 1961-жылы туулган С.А.,
4. Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы 1984-жылы туулган Ш.А.
5. Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ИЖС техниги 1979-жылы туулган М.З.,
6. Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп турган, азыркы учурда ошол эле мекеменин бөлүм башчысы 1984-жылы туулган Х.А.
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) негизинде тергелип жаткан кылмыш иши боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак ушул эле кылмыш иши боюнча буга чейин 5 мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалган.
Учурда Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары уланууда.