www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы болжол менен 15%га кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул жагдай Россиянын рыногундагы татаал геосаясий кырдаалга байланыштуу, ал жерде күйүүчү майдын ички тартыштыгы байкалууда. Мындан улам кыргызстандык нефтетрейдерлерге күйүүчү майдын берилиши чектелүү болуп, россиялык жеткирүүчүлөр кымбатыраак бааны төлөөгө даяр альтернативдүү сатып алуучуларга артыкчылык берип жатат.

Ички рынокту турукташтыруу үчүн мекеме Экономика жана коммерция министрлигине баалардын өсүшүн азайта ала турган чаралардын комплексин кароону сунуштады: салык жүгүн убактылуу төмөндөтүү (акциз, КНС, Жол фондусуна чегерүү, күйүүчү майларды маркировкалоо, экологиялык жыйым, күйүүчү-майлоочу материалдарды сертификациялоо ж.б.), анткени мындай төлөмдөр күйүүчү майдын наркынын болжол менен 20%ын түзөт.

Атамекендик нефтетрейдерлерге россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордон жаңы, кымбатыраак баада күйүүчү майды сатып алуу үчүн револьвердүү насыяларды берүү. Бул чара жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздигин жоюу үчүн буга чейин эле натыйжалуу экенин далилдеди.

Нефтетрейдерлер өз кезегинде 2025-жылдын аягына чейин күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздап, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерин аткарарын белгилешти.

Ошол эле маалда кызматтан белгилешкендей, күйүүчү-майлоочу май рыногуна дайыма мониторинг жүргүзүлүүдө. Жумушчу кеңешмелер өткөрүлүп, маалыматтар талдалып, Экономика жана коммерция министрлигине үзгүлтүксүз берилип турат.

 

 

Последние новости