www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын операцияларынын натыйжасында өлтүрүлгөн же АКШнын кийлигишүүсү менен бийликтен алынган лидерлерди хронологиясы. 

1989 – Мануэль Норьега

1989-жылы АКШ «Just Cause» операциясы учурунда Панамага кирген. Натыйжада президент Мануэль Норьега кармалып, АКШга жеткирилген.

Ал АКШнын соту тарабынан баңги заттарын мыйзамсыз айлантуу жана башка айыптар боюнча соттолуп, түрмөгө камалган.

2003 – Саддам Хусейн

2003-жылы АКШнын жетекчилигиндеги коалициялык күчтөр Иракка кирген. Саддам Хусейн бийликтен алынган. Ошол эле жылдын декабрында камалып, 2006-жылы ирак соту тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Анын өлүмү түздөн-түз АКШ тарабынан жасалбаса да, бийликтен кетиши Вашингтондун аскердик кийлигишүүсүнүн натыйжасы болгон.

2011 (май) – Усама бен Ладен

2011-жылдын 2-майында Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын күчтөрү жүргүзгөн операциянын натыйжасында «Аль-Каида» лидери өлтүрүлгөн.

Бул операция президент Барак Обаманын администрациясы учурунда жүргүзүлүп, 11-сентябрдагы терактка жооп катары көрсөтүлгөн.

2011 (сентябрь) – Анвар аль-Авлаки

Йеменде АКШнын дрон соккусунун натыйжасында өлтүрүлгөн. Бул окуя өзгөчө талаштуу болгон. Анткени аль-Авлаки АКШнын жараны болуп туруп, соттук териштирүүсүз максатта өлүмгө дуушар болгон.

2011 (октябрь) – Муаммар Каддафи

Ливия кризиси учурунда режим НАТО күчтөрүнүн (АКШ кошулуп) аба операцияларынын натыйжасында алсызданган. Каддафи оппозициялык күчтөр тарабынан камалып, өлтүрүлгөн. АКШ түздөн-түз өлтүрбөсө да, аскердик кийлигишүү режимдин кулашына чечүүчү роль ойногон.

2026 (январь) – Николас Мадуро

Венесуэланын мурдагы президенти 2026-жылдын 3-январында АКШнын атайын күчтөрү тарабынан «кармалган» жана АКШда камалган.

2026 (февраль) – Ирандын жогорку лидери Сейид Али Хаменеи

2026-жылдын 28-февралында Израиль менен АКШнын Иранга карата күтүүсүз аскердик соккусунун натыйжасында өлтүрүлдү.

Последние новости