www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев "7-каналга" берген маегинде ага карата айтылган депутаттардын сын-пикирлерине комментарий берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Аида Касымалиева: «Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда беш-алты миллион адам вакцина алып бүттү. Силер ошондой жумушту аткарган жоксуңар. Министр «аконит» деп канча адамдын башын айлантты. Эми «аконитовый министрге» карабастан эмдөөдөн өтөбүз деп калганда вакцина жок. Мээсинен айнып калган министриңер ушул жерге келип жооп берсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери кантип чыдап отурасыңар, силер кесипкөйсүңөр го, айтпайсыңарбы...», — деп билдирген.

Бирок Алымкадыр Бейшеналиев өзү бул сын-пикирлерди олуттуу кабыл албай, депутаттар аны канчалык көп сындаса, анын эл арасындагы аброю ошончолук жогорулай турганын айтты.

"Биз Кыргызстанда жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек. Анткени, бул жерде бардык нерсени айтууга болот. Сөз эркиндиги күч. Элдер кандай гана сөздөрдү айтышпайт. Президенттен баштап министрге чейин каалаган нерсесин сүйлөшөт.

Бардык депутаттар мага каймана аттарды коюшту. Депутаттар мен жөнүндө айтып жатканда менин аброюм гана көтөрүлөт. Эл ойлосо керек: бул жинди кантип министр болуп дайындалган?, - деп.

30 жылдан бери талкаланган саламаттыкты сактоо тармагын эки айдын ичинде калыбына келтирдим. Дарыгерлер СССРге кайтып келгендей болуп калдык дешти. 

Менин реформамдан кийин башкы дарыгер баарына жооптуу. Буга чейин беш жооптуу болгон жана алардын бири дагы жоопкерчилигин так аткарбай качып турушкан. Бейтаптар ооруканаларга кире албай калышкан. Эми азыр мындай көрүнүштөр жок. Менин командам күн сайын иштеп, башы менен баарына жооп берет ", - деп белгиледи Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости