www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев органдарды алмаштыруу маселеси боюнча Түркия менен кызматташуу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун өтүнөчү менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Малатья шаарындагы Инөнү университетинин жамаатына кыргыз адистерин окутууга тапшырма берген ири меморандумга кол койгон.

«Алгачкы делегация профессор Ахмед Кализайдын жетекчилиги алдында келип, Ош мамлекеттик университети жана медициналык академия менен келишимге кол коюлган. Кийин өзүм да барып келдим. Биринчи, экинчи бригада туура эмес түзүлүп калган. Ачыгын айтыш керек, ошондон азыр маселе чыгып атат. Министрлик жибербеген, жеке клиникалардын адистери окутууга кетип калып, 2 күндүн ичинде кайтарылды. Алар менен сүйлөшсөм бирөө Томскиде окуптур, бирөө Новосибирскиде. Клиникалык ординатураны бүтүрүп, эч жерде иштебеген, долбоор жөнүндө угуп калып эле, тизмеге кирип калышкан. Кийинки жибергенде тажрыйбалуу, скальпель кармаганды билген адистер барат. Айлыгы, жумуш орду сакталат. Учурда Түркияда боор алмаштыруу боюнча 22, жүлүн алмаштыруу боюнча 10 адис жана 3 лаборант окуудан өтүп атат», - деди А.Бейшеналиев.

Министр февралдын аягында окутуу жана тажрыйба алмашуунун жыйынтыгы боюнча комиссия келерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости