www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Актоты Райымкулова менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгаруу маселеси талкууланды.

Ырларды азербайжан тилине акын, манас таануучу, Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Адил Жамил которгон.

Актоты Райымкулова белгилегендей, эл аралык фонд Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын басып чыгаруу демилгесин колдоп, эки түрк элинин маданиятын жакындатууга кызмат кылат. Бул басылма эки өлкөнүн маданий карым-катнашын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп, түрк элдеринин каада-салттарын жана искусствосун урматтоону жана өз ара түшүнүүнү чыңдоого жардам берет.

Элчи Осмоналиев менен Райымкулова бул иш-чара Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошоруна ишенимин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости