www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы күндөрү мекенибизде болуп жаткан саясий окуялардан улам өлкөбүз олку-солку абалга кептелип, элибиздин жай турмушуна терс таасирин тийгизди. Шайлоонун шайтан оюндарынын кесепетинен эл көтөрүлүп, жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрүп турабыз. “Алдыга жылбаган өлкө артка кетет, турмушта токтоп калуу деген нерсе болбойт” деген кеп бар. Анын сыңарындай араң бутунда турган өлкөбүздү чалып жыкпайлы! Баарыбыз бир муштумга түйүлүп, ынтымакты чыңдоого убакыт келди!

Калайык калкым, “Бир Бол” партиясы башынан бери мыйзамдуулукту талап кылып, укуктук талаага кайтып келүүгө чакырык жасап келет. Өкмөт башчысын, төраганы мыйзамдуу түрдө шайлап алуу – биздин баштан бери карманган позициябыз. Мына эми жумурай-журттун талабы менен премьер-министр шайланды, демек, элдин мүдөөсү аткарылды.

“Бир Бол” партиясы элдин үнүн угууга, талаптарын аткарууга дайым даяр экенин ачык билдирип келет. Партиябыз азыр дагы жогорудагы позициясынан тайган жок жана бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде болушу керек деген пикирди карманат. Укуктук талаага кайтып, өлкөбүздө тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылуу, ар кандай чагымчыл аракеттерге жол бербөө – биздин башкы максат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин бирдиктүү комитетинин жыйынында мен баш болгон бир катар депутаттар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштадык. Анда буга чейин шайлоо өнөктүгүндө колдонулуп келген форма №2ни жокко чыгаруу, шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүү жана босого ченди 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүү каралган. Бул сунуштардын баары жалпы элдин талабы эле. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк депутаттар бүгүнкү жыйындан качып чыгышып, жаштарга жол бошотууга, жаңы жүздөргө орун берүүгө даяр эмес экенин далилдешти!

Башка партиялардын өкүлдөрүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушту колдоого чакырам. Элдин талабын орундатып, билимдүү, өз тармагында кесипкөй жаштарды бийликке алып келели. Ошондо гана коомчулук менен бийлик бир пикирге келип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жол ачылат.

Урматтоо менен, "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости