www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта акыйкатчылыкка бараткан Токон Мамытовдун талапкерлиги кызуу талкууга алынууда. Жарандык коомдун ага каршы аракеттери күчөөдө. Анын атайын кызматтарда иштегени менен жаш курагынын келип калганы каршы пикирлерди арттырып турат.

Саясатчы Равшан Жээнбеков “мен, мурдагы КГБнын жетекчисинин Кыргызстандын Омбудсмени болушуна кескин түрдө каршымын! Баарыңарды каршы болууга чакырам!”, - деген чакырык таштады.

КСДПнын депутаты Мухтарбек Айнакулов “Бир кездери ал адамдарды түрмөгө салган. Эгер биз аны акыйкатчылыкка жылдырсак, эл аралык институттар тарабынан маселе жаралбайбы? Анын үстүнө, ал 2-3 айдан кийин 65 жашка толот”, - деген маселени кабыргасынан койду. Буга кошулган депутаттар Кожобек Рыспаев менен Дастан Бекешевдер да “эртең эле аны кызматтан алуу маселеси жаралбайбы? Алтымыш беш жашка жеткенде ал арыз жазып кетиши керек болот. Демек, дагы 3 айда Акыйкатчы шайлоо маселеси кайра көтөрүлөт”, - дешти.

“Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Акыйкатчылыкка 65 жаштан ашпаган жарандар гана шайлана алышат. Ал эми Токон Мамытов ушул жылдын 18-декабрында 65ке чыгат.

Казакстанда Элбасы Нурсултан Назарбаевге каршы жарандар мезгил-мезгили менен “Шал, кет!” деген ураандар менен чыгып турушат. Бизде да ушундай эле чакырык Токон Болотбековичке карата маданияттуу маанайда жаңырып жаткансыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости