www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданиятсыз эл болбойт. Элдин руханий көрөӊгөсүн көтөрүүгө олуттуу салым кошкон маданият тармагына мамлекет тарабынан материалдык жана моралдык да колдоолор болуп жатат. Алардын катарында, райондук маданият үйүн реконструкциялоо заман талабы болгондуктан, райондун акими Руслан Айтбаевдин тапшырмасы менен көп жылдан бери ремонт жүргүзүлбөгөн Ш.Жоробекова атындагы маданият үйүнүн көрүүчүлөр залы капиталдык оңдоп-түзөтүлүүдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук Мамлекеттик Администрациясы билдирди.

Жумуш “Раян Групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 4 390 129 сомдук жумуштар аткарылууда. Райондук маданият үйү 400 адамга ылайыкташтырылган.






