www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алтын топ-2025» сыйлыгын Усман Дембеле жеңип алды

«Пари Сен-Жермен» жана Франция курама командасынын чабуулчусу Усман Дембеле 2025-жылдагы «Алтын топту» жеңип алды. ПСЖнын чабуулчусу 2024/25-жылкы сезонду мыкты өткөрүп, Луис Энрикенин командасынын негизги оюнчусу болуп, командасы Чемпиондор Лигасын, Лига 1ди жана Франция Кубогун утуп алууга жардам берген.

Дембеленин француз лигасында киргизген 21 голу (карьерадагы эң мыкты көрсөткүч) добуш берүүнүн чечүүчү фактору болду.

Экинчи орунга «Барселонанын» жана Испания курамасынын вингери Ламин Ямал ээ болду.

Сыйлыкка башка талапкерлердин арасында Рафинья (Барселона), Витинья (ПСЖ), Ашраф Хакими (ПСЖ), Коул Палмер (Челси), Килиан Мбаппе (Реал Мадрид), Нуно Мендес (ПСЖ), Мохамед Салах (Ливерпуль) жана Жанлуиджи Доннарумма (ПСЖ/Манчестер Сити) бар.

 

   

Последние новости